Алканова: «Мен өзүмдүн постум үчүн Barometr.kg сайтынан кечирим сурайм»

18 декабря 2017 15:30 1330 Barometr
Поделиться в:
ok

Көз карандысыз журналист Эльнура Алканова, Алексей Василевскийдин Максим Бакиевдин VIP-коттедждерин сатып алган киши тууралуу жазган макаласын жарыялаган ЖМКларга таарынды. Бул тууралуу кабарчы соцтармактагы баракчасында жазган.

Ал мындай маалымат каражаттарын бийликтин көзөмөлү алдындагы жана имиш-кептердин агрегаттары деп атады.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Алексей Василевский эмоционалдык макаласын жазган, анда ал Эльнура Алканованын Максим Бакиевдин коттедждери кыязы өкмөт башчы Сапар Исаковдун классташына сатылган деген жыйынтыктарын четке каккан.

Алканова Barometr.kg басылмасынын “эмнеге ал мындай маалымат каражаттарын имиш кептердин агрегаттары деп атаган” деген суроосуна журналист Barometr.kg сайтын башка басылмалар менен чаташтырып алганын айтып мойнуна алган.

"Азыр мен, Barometr.kg тууралуу жазган постумду алмаштырайн деп жатам. Бирок Facebook аны редакциялоого мүмкүндүк бербей жатат", - дейт Алканова.

Белгилесек, ушул Barometr.kg сайты, «Ала-Арча-3» пунктундагы чатактуу инцидент боюнча маалыматты биринчи болуп жарыялаган. Сайтта журналист Эльнура Алканованы кармап турган эркек кишинин сүрөтү чыккан. Алканованын айтуусу боюнча сайтта 10дон ашуун материал жарыяланган.

Алканова Barometr.kg басылмасы менен болгон сүйлөшүүдөн кийин, редакцияга окуяны иштелбеген түрдө чагылдыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Буга карабастан ал өзүнүн баракчасындагы билдирүүсүн редакциялай албай койгон.

"Мен Barometr.kg сайтындан кечирим сурайм", - деди Алканова.

Ссылка: https://barometr.kg/content9898



Добавить комментарий