Бүгүн Биринчи май райондук соту Шыкмаматовдун иши боюнча чечим чыгарат

18 декабря 2017 12:49 809 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 18-декабрда, Биринчи май райондук сотунда парламенттик фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматовго карата козголгон иш тууралуу өкүм чыгары күтүлүүдө.

Судья Айбек Эрнис уулунун төрагалыгындагы жыйын күндүзгү саат экиге белгиленди.

Өткөн жыйында айыптоочу тарап Шыкмаматовго, анын мүлкүн мамлекетке чегерүү менен, күчөтүлгөн тартиптеги жаза өтөө колониясында 8 жылга эркинен ажыратуу жазасын берүүнү талап кылган болчу.

Бирок Шыкмаматов өзүнүн күнөөсүнөн толугу менен баш тартууда. Депутат, бул иш саясий жүйөлөр менен козголгонуна жана айыптаган тарап анын күнөөсүн далилдеп бере алган жок деп ишенет.

Эске салсак, 2016-жылы 17-февралда Башкы прокуратура Алмамбет Шыкмаматовго карата КРдын Кылмыш кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон болчу.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9890



Добавить комментарий