Кытайдан өрдөктүн этин мыйзамсыз ташып өткөн унаа токтотулду

18 декабря 2017 12:19 544 Barometr
Поделиться в:
ok

Кызматкерлер тарабынан пландык иш-чаралардын жүрүшүндө КР мамлекеттик номери бар, М.Н.К. аттуу кыргызстандык жаран башкарган «Вольво FN12» үлгүсүндөгү автранспорт токтотулуп текшерилген.

Текшерүүдө унаанын жүк ташый турган бөлүгүнөн англис жана орусча  тилдерде маркировкаланган, жалпы салмагы 15 000 кг түзгөн, (Кытайда өндүрүлгөн) ак картон кутулардан жазылган өрдөктүн эти табылган. Товардын ЕАЭБ бажы аймагына жүктү мыйзамдуу ташууну ырастаган тиешелүү документтери болгон эмес.

Товардын жалпы наркы 2 376 000 сомду түздү. 

Ссылка: https://barometr.kg/content9886



Добавить комментарий