Айдай Сабитова ырчылыкты таштап журналист болуп кеттиби?

16 декабря 2017 14:49 1753 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Айдай Сабитова чыгармачыл үй-бүлөдөн. Атасы белгилүү обончу, комузчу -- Зайнидин Иманалиев. Апасы колунан көөрү төгүлгөн уз. Колго ийне алып уул-кызынын сахна кийимдерин келиштире тигип, кээде калем кармап ыр жазат. Уул-кыз дегенибиз, Айдайдын иниси Рахат Иманалиев да ырчы, обончу, аткаруучу. «Экөөбүз, буйруса, жазында концерт берсек деген изги тилегибиз бар» деген Айдайдын  barometr.kg менен болгон маегибизди сөзүн Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев жазган, обонун өзү чыгарган «Жар-жар» ырынан баштадык.

- Айдай, сенин аткарууңдагы «Жар-жар» учурда популярдуу болууда. Алгач сөзү жаралдыбы же обонубу?

- Алгач обону жаралды. Жан дүйнөмдө жакшы ыргактар жаралып, аны апама угузсам, жактырды. Шайлообек Дүйшеев агайга жагабы-жакпайбы деп кооптонуп бардым. Кудайга шүгүр, угуп көрүп жактырды, көп куплет кылып сонун ыр жазып берди. Бирок, ыр үч мүнөттөн ашык болбосун деген сахна талабы бар да. Тойдо деле тамадалар ушул талапты коет. Анан, айла жок, 3 куплетин кайырмасы менен ырдап жүрөм. Эң башкысы эл жакшы кабыл алды. Жазылган ыр, чыгарылган обон элге алынып кетпесе да эң жаман. 

- Билишимче, жазган обондоруң бир топ эле. Саны канча болуп калды?

- Көп эле. Апамдын ырларына обон чыгаргам. Апам көкүрөгүндө сөз баккан, ой баккан адам. Жаштык билинбей кантип өтүп кетээрин баяндаган «Жаштык» деген ыры эми укмуш! Ушул ырды чыгармачыл адамдар, эл да жакшы кабыл алган. Апам көп ыр жазды, аларга мен да көп эле обон чыгардым. Болгону сахнага алып чыкканга, клип тарттырганга каражат жок, демөөрчү жок «чыгармачылык сандыгыбызда» катылып жатат. Аккордеон тартып ырдай калып жүргөн Рахат иним менен, буйруса, жазында концерт берсек, апамдын ырларын алып чыксак деген изги тилегибиз бар. Иним да ыр жазат. Жакшы жазат. Апамдын ырларына обон да чыгарган. Буйруса, баарын концертте угасыңар. Ага чейин деле жакшы ой-тилектер бар, убагы-сааты чыкканда аларды да айтаарбыз.

- Апанын батасы менен баары болот буйруса… Эне ыраазылыгы кымбат да…

- Ооба да. Апабыз биздин бүтүн дүйнөбүз. Иним экөөбүздүн чыгармачылыктагы сынчыбыз, камкорубуз. Сахна кийимдерибиздин баары апамдын кол эмгеги. Ар бирине мээримин төгүп, көзүнүн майын кетирип, эринбей кийимиме шуру десе шурусун басып же саймасын сайып чыгат. Кийимиме кызыгып буйрутма  бергендер канча дейсиң. Апам кылам дейт, мен кое туруңуз деп атам. Себеби, кийинки күнү сыркоолоп жүрөт. Апам ооруп калса эле көңүлүм жайында болбойт. Ошон үчүн Түркиянын Анкара шаарындагы чоң эл аралык концертке чакыруу келген, барган жокмун. Менин ордума таланттуу ырчы кызыбыз Салима Балтаева барып келди.

- Айтмакчы, Айдай, сен Сабитова болуп чыгып жүрөсүң, эмнеге атаңдын фамилиясында эмессиң?

- Кимдин кызы экенимди билгендер, «кадимки эле Зайнидин Иманалиевдин кызысыңбы? Эмнеге Иманалиева эмессиң?» деп көп сурашат. Рахат иним атамдын фамилиясында, мен чоң атам Сабиттин атын алып жүрөм.

- Ырчылыкты таштап журналист, мугалим болуп кетти деп укканыбыз да чынбы?

- Журналист, мугалим болуп кеткеним чын. Бирок ырчылыкты таштаганым жок, чогуу эле алып кетүүдөмүн. Бишкектеги Айдаркан Молдокулов атындагы № 5 Улуттук компьютердик гимназияда жолдошум Талгат экөөбүз мугалим болуп эмгектенебиз. Талгат 10-11-класстарга кыргыз тили жана кыргыз адабиятынан сабак берет. А мен, мектепте дастан айтуу боюнча ийрим ачылган,  элдик вокалдан, дастандан сабак берем. Ал эми журналистикада, «Шоокум» журналына чыгармачыл адамдар менен маек куруп берип атам. Журналистика чөйрөсүнө жаңы баш багып, эми-эми үйрөнүшүп келатам (күлүп). Бат эле көнүшөм деп ойлойм. Негизи кесибим боюнча тилчимин да, бекер 5 жыл БГУда окуптурмунбу? (күлүп).

Ссылка: https://barometr.kg/content9864



Добавить комментарий