Өлкөдө "Хан Манас" Кубогу 7 мамлекеттин жаш дзюдочуларын чогултту

16 декабря 2017 13:43 949 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 16-декабрда, Бишкектеги дене тарбия жана саламаттыкты чыӊдоо комплексинде «Хан Манас» кубогу үчүн дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы эл аралык турнир старт алды.

Уюштуруучулар билдиришкендей, кечээ турнирдин чүчкулак кармамайы өткөн, анда жаш катышуучулар өздөрүнүн атаандаштарын үйрөндү.

Бул жылы мелдешке Армения, Грузия, Индия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан бардыгы болуп 364 дзюдочу чогултулду.

Турнирдин алгачкы күнүндө катышуучулар 7 комплект медаль үчүн ат салышат.

Белгилесек, медалдардан тышкары жеке зачетто турнирдин аягында «Хан Манас» өткөрүлүп берилүүчү Кубогу ыйгарылмакчы. Анын командасы жеӊишке жетип, команданын спортчулары бир топ сандагы алтын медалдарды утушат.

Ссылка: https://barometr.kg/content9861



Добавить комментарий