Жээнбеков Нурсултан Назарбаев жана Казакстан элин өлкөнүн Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

16 декабря 2017 13:33 821 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаевди жана Казакстан элин өлкөнүн Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

“Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана бардык казакстандыктарды  Казакстан Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен  чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Союздаштыктын жана стратегиялык  өнөктөштүк маанайындагы кыргыз-казак мамилелери  өлкөлөрүбүздүн элдеринин кызыкчылыгында мындан ары дагы  чыңдалып жана өнүгө берет деген ишенимимди билдирем.

Сизге чың ден-соолук, бакубатчылык жана Сиздин мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, ал эми бир тууган Казакстан элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”,- деп белгиленет  мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Ссылка: https://barometr.kg/content9860



Добавить комментарий