Бишкекте өлкөнүн негизги жаӊы жылдык балатысы жандырылды

16 декабря 2017 12:56 1236 Barometr
Поделиться в:
ok

Борбор калаанын Ала-Тоо аянтында кечээ, 15-декабрда, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов өлкөнүн негизги балатысын жандырды.

Салтанаттуу иш-чарада муниципалитеттин башчысы калаа тургундары менен конокторду келе жаткан Жаӊы 2018-жыл менен куттуктады.

"Урматтуу бишкектиктер жана коноктор! Сиздерди өлкөнүн негизги балатысын салтанаттуу жандыруу аземи жана Жаӊы 2018-жылы менен куттуктайм! Жаӊы жылдык балаты кайталангыс майрамдык маанай тартуулайт деп ишенем", - деди мэр.

Балатыны жандыруунун алдында салтанаттын бардык катышуучулары үчүн кыскача театрлаштырылган программа көрсөтүлдү.

Андан кийин Аяз Ата менен Аяз Кыз жаӊы жылдын башкы символу болгон, 25 метрлик кооз балатыны жандырды.

Кыргызстандын негизги балатысын салтанаттуу жандыруу аземине, бишкектиктер үчүн шаӊдуу музыка менен коштолгон концерттик кече тартуулаган "Ретро FM" радиостанциясы дагы катышты.

Ссылка: https://barometr.kg/content9856



Добавить комментарий