Кемин районунда өспүрүмдү сабап өлтүргөн жети жаран кармалды

15 декабря 2017 14:12 975 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй областында оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй областык ИИББсинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ушул жылы 11-декабрда Кемин райндук ички иштер бөлүмүнө, О.Н., 2000-жылы туулган уулунун дайынсыз жоголгондугу тууралуу арыз менен, Токмок шаарынын тургуну, 38 жаштагы аял кайрылган. Уулу 9-декабрда үйдөн чыгып кеткен боюнча келген эмес. Туугандары болсо өспүрүмдү белгисиз адамдар уурдап кеткенин айтышкан.

Кемин РИИБси жана Чүй ОИИББсинин ыкчам кызматкерлери тарабынан, издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин 123-беренеси («Адам уурдоо») боюнча иш козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 17 жаштагы жаран кармалган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө, өлтүрүүгө катыштыгы бар дагы 7 киши колго түшүрүлгөн, алардын көбү өспүрүмдөр болгон, арасында студенттер, жогорку класстын окуучулары да бар.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, окуя уруш-чатактан улам чыккан. 9-декабрда, маркум жана кармалган жарандын ортосунда чыр чыгып, натыйжада каза болгон өспүрүм токмоктолгон.

Кылмышкерлердин бири аны моюн тушка учтуу предмет менен сайып жиберген, андан кийин маркумду шарф менен муунтушкан. Алган оор жаракаттарынан улам өспүрүм ошол жерден мерт кеткен. Кылмыштын зин жашыруу үчүн алар сөөктү капчыгайга ыргытып, үстүн таштар менен жаап коюшкан. Андан кийин өспүрүмдөр үйлөрүнө тарап кетишкен.

Милиция тарабынан окуя болгон жер аныкталды: 17 жаштагы О.Н. жансыз денеси Кемин шаарынан алыс эмес жердеги капчыгайдан табылган. Бул факт боюнча «Адам өлтүрүү» 97-берене боюнча кылмыш иш козголуп, соттук-медициналык жана башка зарыл экспертизалар дайындалды. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 17 жаштагы Т.М., 18 жаштагы Н.И., 17 жаштагы Б.М., 16 жаштагы Б.А., 18 жаштагы Ж.А., 17 жаштагы Р.Б., 17 жаштагы Ж.К. колго түшүрүлдү.

Кармалгандардын баардыгы Кемин райондук ИИБсинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ссылка: https://barometr.kg/content9838



Добавить комментарий