Акаевге каршы митингге КРдын Германиядагы элчилигинин кызматкерлери катышкандыгы айтылды

15 декабря 2017 13:06 2896 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда мурунку президент Аскар Акаевге каршы Берлиндеги митингден алынган видео үзүндү жарыяланды. Анда каршылык акциясына Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин кызматкерлери катышкандыгы айтылат.

Анын ичинде, «Акаев кетсин» деген плакатты кармаган адам элчинин айдоочусу, ал эми Акаев тарапка жумуртка ыргыткан жаран менен сүйлөшүп турган аялды элчи Айнуру Турсумбаеванын кеӊешчиси деп тааныгандарын айтышууда.

Андан ары видеодо жай кадр менен, элчи Кубат Чороев менен Асхат Рыскуловдун дагы башка кеӊешчилерин көрсөтөт.

Видеодо ошондой эле митингге Кыргызстандын Германиядагы элчисинин жубайынын катышкандыгы айтылган.

Жарыяланган видео интернетте кызуу талкууну жаратты. Колдонуучулар Кыргызстандын Германиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн митингдерди уюштуруу менен алектенгенине нааразы болууда.

Эске салсак, буга чейин, 9-декабрда, соцтармактарда Германияда Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаевдин кыргызстандык жарандар менен жолугушуусу тартылган видео жазуу жарыяланган болчу.

Видеодо көрүнгөндөй, Акаев жубайы  Майрам жана кызы Бермет болуп сыртта күтүп турган мекендештер менен жолугушкан.

Экс-президент, кыргызстандыктар менен жолугушууну болтурбай коюшканын, бирок ага карабастан ал өзүнүн каалолорун айта турганын билдирген. Бирок келгендердин бири Акаевден кыргызча сүйлөөнү талап кылып сөзүн бөлгөн.

Акаев ал нааразы болгон жаранды аны башкарбоого чакырып, аларга Кыргызстанда эмес, Германияда жүргөнүн эске салган.

"Кыргызстанда да позитивдүү өзгөрүүлөр болуп өттү. Бийлик тынчтык жолу менен алмашканына кубанычтамын. Баарыӊыздарга жетишкендик жана амандык каалайм", - деди мурунку мамлекет башчы.

Акаев жолугушууга келгендердин суроолоруна жооп берген эмес. Катышуучулардын бири «бул сыйлабастык» деп кыйкырган.

"Ал коррупционер, качкын!" деп нааразы болгон жаранга Бермет Акаева Кыргызстандын бийлигинде жалаӊ коррупцияционерлер отурат деп жооп берген.

Андан кийин Акаев эл менен коштошуп кетип баратканда, келгендердин бири ал тарапка эки жумуртка ыргыткан.

Бермет Акаева ал адамды көздөй жулунуп, сумкасы менен чапканга жетишкен. Полиция ошол замат тургунду кармаган.

КРдын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Германияны полициясы Бермет Акаева жана Акаевге жумуртка ыргыткан жаран менен сүйлөшүү өткөргөндөн кийин кое берген.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9835



Добавить комментарий