Нарында беш жаштагы бала аскадан кулап каза болду
Нарында үйүнөн дааратканага чыккан беш жаштагы бала аскадан кулап каза болгон. Бул тууралу басылмаларга областык ИИБсинен билдиришкен.
Окуя ушул жылы 20-ноябрда болгон, бул күнү наристенин энеси баланын жоголгондугу тууралуу арыз менен милицияга кайрылган.
«Издөөнүн жүрүшүндө баланын сөөгү үйдөн 50 метр аралыктагы жерден табылган. Үй-бүлө дарыянын жээгинде жашагандыктан, үйдүн артында дароо эле жети метрлик чуӊкур болгон. Кийинчерээк бул үй-бүлөнүн начар жашоодо жашагандыгы, социалдык кызматтардын учетунда тургандыгы белгилүү болгон. Кошуналардын айтымында, каза болгон наристенин энеси менен атасы көпчүлүк учурда ичимдик колдонушчу. Факт боюнча териштирүү жүрүп жатат»,-деп жазат басылмалар.
Ссылка: https://barometr.kg/content9827
Добавить комментарий ×