Кыргызстанда экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды

15 декабря 2017 10:52 675 Barometr
Поделиться в:
ok

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 10-декабрда, ыкчам-иликтөө жана контртеррордук иш-чаралардын жүрүшүндө КМШга мүчө өлкөлөрдүн биринин жараны , 1992-жылы туулган, экстремисттик мүнөздөгү кылмыш жасаган, эл аралык издөөдө жүргөн Е.А. кармалды.  

Аныкталгандай, Е. А. аттуу жаран экстремисттик уюмдун активдүү мүчөсү болгон жана кылмыш куугунтугунан качып, Кыргызстандын территориясына келген. Жаран бул аймакта мындан ары дагы үгүт иштерин жүргүзүү үчүн диний экстремисттик уюм түзүүнү пландап жүргөн.

Кармалган жаран жоопко тартуу үчүн компетенттүү органдардын өкүлдөрүнө жиберилди.

Ссылка: https://barometr.kg/content9825



Добавить комментарий