Алина Шаикова Мамлекеттик сатып алуулар департаменттин директору болду
Шаикова Алина Кавылбековна Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп дайындалды.
Премьер-министр Сапар Исаков тиешелүү жарлыкка кол койду.
Каржы министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлерине жана аталган департаменттин жамаатына жаӊы жетекчини тааныштырып жатып, өкмөт башчы Алина Шаикованын каржы системасы жаатындагы кесипкөй тажрыйбасын белгилеп өттү.
Премьер-министр, «Таза Коом» улуттук программаны ишке ашыруунун жана өлкөнү маморгандарынын ишмердүүлүгүн цифровизациялоонун алкагында, мамлекеттик сатып алууларды оптималдаштыруу зарылдыгын баса белгиледи.
Буга байланыштуу департаменттин жетекчилигине тиешелүү тапшырма берилди.
Сапар Исаков жаӊы жетекчи коюлган милдеттерди натыйжалуу аткарарына ишенип көрсөтүп, Алина Шаиковага кызматында ийгилик каалады.
Ссылка: https://barometr.kg/content9812
Добавить комментарий ×