Соцтармак: Биздин саркечибиз! Вице-премьер кепканын ордуна калпак деле кийип алса болмок

14 декабря 2017 19:33 2174 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда интернет колдонуучулар, Ташкентте президент Сооронбай Жээнбековдун башчылыгындагы кыргыз делегациясынын Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушуусуна катышкан вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгуловдун кийген баш кийимин кызуу талкуулап жатышат. Сүрөттө протоколго ылайык, Кыргызстандын чиновниктери Өзбекстандын президенти менен учурашуу үчүн катарга тизилген, Жээнбеков ар бир министрди Мирзиеевге жекече тааныштырып жатат.

Сүрөттө көрүнгөндөй, кыргыз чиновниктеринин дээрлик баардыгы баш кийимсиз болсо, Абдыгулов менен дагы бир чиновник баш кийимчен. Абдыгулов саркеч кара түстөгү кепка кийген, ал чиновниктин кара пальтосуна шайкештикти берип турду.

Колдонуучулар анын кара кепкасына ичи жылыды, бирок ошол эле учурда алар вице-премьер башка баш кийим, мисалы улуттук калпакты деле кийсе болмок дешүүдө.

Эске салсак, 13-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун башчылыгында кыргыз делегациясы расмий сапар менен Өзбекстанга учкан. Сапардын алкагында Жээнбеков Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиеев менен жолугушуп, эки тарап бир катар маанилүү документтерге кол койгон.

Ссылка: https://barometr.kg/content9809



Добавить комментарий