Аламедин районунда эркек кишинин сөөгү табылды

14 декабря 2017 19:10 1409 Barometr
Поделиться в:
ok

Аламедин районунда эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй областык ИИББсинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-декабрда, болжол менен саат ондо Озерное айылында 30-35 жаштардагы эркектин сөөгү табылган.

Белгилери: бою 165-170 см, чачы кара, кыска.

Өзгөчө белгилери: ичинде  операциядан калган 20 см тырык, сары металл тиштери бар.

Кийген кийими: кара куртка, шапка, боосу бар ботинка, кара түстөгү вельвет шым, боз түстөгү ич кийим.

Жаран тууралуу маалыматы барларды милиция төмөнкү телефондорго чалууну өтүнөт: ИИББсинин күзөт бөлүмү 0312 43-01-27, Аламедин РИИБси 0312 36-35-27, 0701 45-15-82.

Ссылка: https://barometr.kg/content9808



Добавить комментарий