Жээнбеков Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугушту

14 декабря 2017 17:29 585 Barometr
Поделиться в:
ok

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-декабрда, Өзбекстан Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү маселелерин жана өз ара аракеттенишүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуулар өз ара түшүнүшүү жана достук маанайында өткөндүгүн баса белгиледи.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттук байланыштарды өнүктүрүү жана колдоо, ошондой эле элдерибиздин ортосундагы байланыштарды бекемдөө максатында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын кошуна Өзбекстандын облустары менен байланыштырган үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдүн маршруттарын кайра калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Ошону менен бирге эки өлкөнүн шаарларынын ортосунда авиа каттамдарды кайра жандандыруу маселеси козголду.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Сооронбай Жээнбековду президенттик шайлоолордо ишенимдүү жеңиши менен куттуктады. Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенти болуп шайлангандыгы өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган программаларды кыргызстандыктар колдой тургандыгын ырастаарын белгиледи.

“Өзбекстандын Өкмөтү өлкөлөр ортосунда кызматташууну тереңдетүүгө бекем турат. Анын ичинде айыл чарбасын, инвестиция, туризм, өнөр жай тармактары бар. Өлкөнүн жогорку бийлигинин саясый эрки мына ушундай. 2017-жылдын 25-декабрында Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча эки өлкөнүн жумушчу топторунун жолугушуусу болооруна биз абдан кубанычтабыз. Бул долбоор Кыргызстандын жана Өзбекстандын экономикасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, адамдарга ыңгайлуу шарттарды түзөт. Биз ошондой эле “Электрондук Өкмөт” жана “Коопсуз шаар” долбоорлору боюнча тажрыйба алмашууга даярбыз”, -деп баса белгиледи Абдулла Арипов.
Президент Сооронбай Жээнбеков ар бир өлкөнүн өкмөтү реформаларды алдыга илгерилетүүчү болуп саналаарын белгилеп, Абдулла Ариповго жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Ссылка: https://barometr.kg/content9803



Добавить комментарий