Жубайлардын биринчи нике түнүндө жасалган жапайы каада-салттар

14 декабря 2017 15:10 8153 Barometr
Поделиться в:
ok

Үчүнчү дүйнө деп аталган мамлекеттерде жаш жубайлардын нике түнүндө аткарылган каадалар ар кандай. Көптөгөн африкалык өлкөлөрдө балдарына ата-энелери куда түшөт, ал эми балдарына тойго чейин бири-бири менен көрүшүүгө тыюу салынат. Ал эми Танзанияда тартип мындан дагы катуу. Келин той-салтанаттарга такыр катышпайт. Ал кооз көйнөгүн кийип болочоктогу күйөөсүнүн үйүндө аны күтүп отурат. Күйөөсү келгенден кийин үй-бүлөлүк жашоо башталат. Мисалы бербер урууларында үйлөнгөн жубайлар алгачкы нике түнүн жамаат менен чогуу өткөрүшөт. Жаш жубайлардын бөлмөсүнө бир нече үй-бүлөлүү жубайлар кирип, өздөрүнүн кеӊештерин айтышат. Мындай иш-чара беш күнгө дейре уланат.

Шотландиялыктар болсо келинге жижа деген кир суюктук төгүшөт. Ал эми Индиядагы айрым элдер алгач жыгачка үйлөнөт, андан кийин гана сүйүктүүсү менен никеге турат. Кореяда болсо күйөө баланын согончогун балык менен чапкылашат. Бирок дүйнөдө биринчи нике түнүндө жасала турган каадалардын өзгөчөлүктөрү боюнча албетте Африка мамлекети алдыда турат. Аларда биринчи нике түнүндө башаламандык сыяктуу нерселер орун алат.

Руанда, Кенияда жана суахили тилинде сүйлөгөн башка мамлекеттерде нике түнү жубайларды жалгыз калтырышат. Байыркы мезгилден азыркыга чейин аларда нике төшөгүн абдан жасалгалоо салты бар. Алгачкы нике түндө бул төшөккө биринчи келиндин улуу бир тууганын жаткырышат. Ал жаш келинге түрдүү кеӊештерди берип, эрткеси күнү бардыгы кандай өткөнүнө күбө болот.

Шона уруусунда биринчи нике түнү үлпөт тойго чейин болот. Кызды кудалап койгондон кийин ал каалаган күнү болочоктогу күйөөсүнүн үйүнө көптөгөн туугандарын ээрчитип барса боло берет. Кокустан келип калган конокторду күйөө бала тарап бий менен тосуп алуусу шарт. Эгер болочоктогу күйөөсү кызды жакшылап тосуп алса анда кыз анын үйүндө түнөөгө калат.

Баньянкол уруусунда болсо биринчи нике түндө абдан «коркунучтуу» салттар жасалат. Анда кыздын жеӊеси күйөө баланын ден соолугу чыӊ экенине көзү жетүү үчүн, үлпөт тойдун алдында аны менен түн өткөрөт. Жубайлардын биринчи түнүндө дагы бөлмөдө кыздын жеӊеси болот.

Ливиялык мусулмандарда үлпөт той беш күн катары менен өтөт. Биринчи үч күндү келин менен күйөө бала бөлөк, ар ким өз үйүндө өткөрөт. Төртүнчү күнү келин кече уюштуруп, ага күйөө бала достору менен келет. Жаштардын кечеси күн бою тамашалар менен коштолот.

Судандагы нуэр уруусунда болсо үйлөнүү үлпөтү аяктагандан кийин, достору келинди күйөө баланын айылына алып барышат. Ал жактан келиндин чачын тас кылып кырып салышат. Андан кийин гана күйөөсүнүн бөлмөсүнө киргизишет. Уруу, чачы бар кыз мыйзамдуу жолдошунун төшөгүнө жатпашы керек деген салтты карманат.

Ссылка: https://barometr.kg/content9794



Добавить комментарий