Парламент: «Франс Пресстин» журналистин Кыргызстанга эмнеге киргизбей жатышканы түшүнүксүз

14 декабря 2017 13:28 603 Barometr
Поделиться в:
ok

Депутат Дастан Бекешев (КСДП) УКМК жана ТИМден эмненин негизинде «Франс Пресс» агенттигинин журналисти Крис Риклтонду өлкөгө киргизбей коюшканын түшүндүрүп берүүлөрүн талап кылды. Депутат мындай суроо менен парламенттин жыйынында маморгандардын мүчөлөрүнө кайрылды.

Белгилесек, буга чейин журналистти Дубайга депортациялашкан, ошондо ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу бул маселег көӊүл буруу өтүнүчү менен мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылган. Кайрылуу коомчулукта резонансты жараткан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен, журналист визалык тартипти бузган деп түшүндүрүшкөн.

Бүгүн, эл өкүлүнүн суроосуна жооп берип жатып, Тышкы иштер министрлигинин өкүлү, журналист Крис Риклтондун депортацияланышынын себебин түшүндүрө алган эмес жана ведомство мындай чечимге тиешеси жок деп кошумчалаган.

«Бул журналистти тааныбайм, бирок эмнеге аны өлкөгө киргизбей жатышканы түшүнүксүз. Ал тыӊчылык менен алектенген жок да, аны Түркмөнстан, ал гана эмес Түндүк Корея киргизип жатпайбы. Эгер ал визалык тартипти бузган болсо, кичинекей нерсени бүтүндөй дүйнөгө жайбай жөн гана түшүнүк кат жаздырышса болмок»,-деп нааразы болду депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/content9788



Добавить комментарий