Жээнбековдун Өзбекстанга жасаган сапарынын алкагында биргелешкен документтерге кол коюлду
Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга жасаган расмий сапарынын алкагында кечээ, 13-декабрда, биргелешкен документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү.
Президент Сооронбай Жээнбеков менен президент Шавкат Мирзиёев биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Расмий сапардын жүрүшүндө төмөндөгү документтерге кол коюлду:
2018-2021-жылдары Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу тууралуу программа;
Бажы ведомстволорунун ортосунда товарларды жана транспорттук каражаттарды ооштурууда бажы операцияларын жүргүзүүнүн жөнөкөйлүштүрүлгөн тартибин киргизүү тууралуу (жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы коридору);
Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясы менен Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын ортосунда илимий-техникалык кызматташуу тууралуу келишим;
Өзбекстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосунда 2018-жылга өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагында кызматташуусу боюнча иш чаралар планы;
Өзбекстан Республикасынын Профсоюздар федерациясы менен Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясынын ортосунда кызматташуу тууралуу макулдашуу;
Өзбекстан Республикасынын Жаштар союзунун Борбордук кеңеши менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбиясы жана спорт мамлекеттик агенттигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум.
Ссылка: https://barometr.kg/content9767
Добавить комментарий ×