Сойку кыз: «Бай адамдар менен чиновниктерге дагы интим кызматын көрсөтөбүз»

13 декабря 2017 18:33 9876 Barometr
Поделиться в:
ok

Элиталык сойкуларга жогорку талап Астанадагы бай адамдардын арасында байкалат. «Түнкү көпөлөктөрдүн» айтымында, алар бир сааттык «сүйүүгө» 130 миӊ тенге төлөөгө даяр. Бул тууралуу басылмалар билдирди.

Денесин сатып сойкулук менен алектенген кыздардын айрымдары Азия жана Европа өлкөлөрүнөн келгендер.

«Ооба, биз ар кандай адамдарды, анын ичинде байлар жана чиновниктерди дагы тейлейбиз. Шаарда түрдүү улуттагы сойкулардын көп экени чын. Кызмат көрсөтүү баасы бир саатка дээрлик 60 000 тенгени (185 доллар) түзөт. Мен кээде андан дагы көп сумманы айтам. Эми баары кардардын чөнтөгүнө жараша болот»,-деп бөлүштү сойкулардын бири.

19 жаштагы Аруна (аты өзгөртүлдү) Дубайда жашайт, ал эми Казакстанга ал «чакырык» боюнча бир айда үч-төрт жолу келип турат. Мындай күндөрү кызматы үчүн саатына 100 000 тенге, ал эми дем алыш күндөрү андан да жогору: 130 000 тенге алат.

«Баа бардыгы үчүн бирдей жана эч кандай арзандатуулар болбойт. Көрсөтүлгөн кызматтын ичине интимдик кызматтар менен массаж кирет. Бай жана үзгүлтүксүз келип турган кардарлар, арасында чиновниктер дагы бар деп айта алам», - деди ал.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9757



Добавить комментарий