Мурунку президент Аскар Акаевге жумуртканы ким ыргытканы белгилүү болду

13 декабря 2017 16:43 4438 Barometr
Поделиться в:
ok

Германияда Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаевге жумуртка ыргыткан жарандын аты-жөнү белгилүү болду. Бул тууралуу Кyrgyztoday.кg. жазды.

Акаев тарапка эки жумуртка ыргыткан үчүн Бермет Акаева аны сумкасы менен чапкан. Тургундун аты Алмазбек Токтош, ал 1970-жылы 20-сентябрда Ысык-Көл областындагы Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу аймагына кирген Кайнар кыштагында туулган.

Алмазбек 1976-1986-жылдары Макаренко атындагы орто мектепте билим алган. Кийин Германияда Советтер армиясынын катарында кызмат өтөгөн. Соцтармактын колдонуучулары, тургун балким ошол жылдары немис тилин үйрөнүп алып Германияга кеткен деп болжошууда.

Эске салсак, буга чейин, 9-декабрда, соцтармактарда Германияда Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаевдин кыргызстандык жарандар менен жолугушуусу тартылган видео жазуу жарыяланган болчу.

Видеодо көрүнгөндөй, Акаев жубайы  Майрам жана кызы Бермет болуп сыртта күтүп турган мекендештер менен жолугушкан.

Экс-президент, кыргызстандыктар менен жолугушууну болтурбай коюшканын, бирок ага карабастан ал өзүнүн каалолорун айта турганын билдирген. Бирок келгендердин бири Акаевден кыргызча сүйлөөнү талап кылып сөзүн бөлгөн.

Акаев ал нааразы болгон жаранды аны башкарбоого чакырып, аларга Кыргызстанда эмес, Германияда жүргөнүн эске салган.

"Кыргызстанда да позитивдүү өзгөрүүлөр болуп өттү. Бийлик тынчтык жолу менен алмашканына кубанычтамын. Баарыӊыздарга жетишкендик жана амандык каалайм", - деди мурунку мамлекет башчы.

Акаев жолугушууга келгендердин суроолоруна жооп берген эмес. Катышуучулардын бири «бул сыйлабастык» деп кыйкырган.

"Ал коррупционер, качкын!" деп нааразы болгон жаранга Бермет Акаева Кыргызстандын бийлигинде жалаӊ коррупцияционерлер отурат деп жооп берген.

Андан кийин Акаев эл менен коштошуп кетип баратканда, келгендердин бири ал тарапка эки жумуртка ыргыткан.

Бермет Акаева ал адамды көздөй жулунуп, сумкасы менен чапканга жетишкен. Полиция ошол замат тургунду кармаган.

Ссылка: https://barometr.kg/content9750



Добавить комментарий