Ырчы Жайнагүл Калчаева кызын кыйнап ырчы кылдыбы?

13 декабря 2017 15:11 2456 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү ырчы Жайнагүл Калчаева 25 жаштагы Бегайым (Нурбекова) кызын биринчи жолу сахнага алып чыкты. Эне-кыз кечээ “ХХI кылымдын жылдыздары” аттуу жаңы жылдык концертте “Ты моя” (орус ырчысы Валерия кызы менен ырдап чыккан) деген ырды ырдап чыгышты.

barometr.kg Жайнагүл айымга байланыштык. “Ырчы болуу кызыңыздын тандоосу болдубу же сиздикиби?” десек, “Чынын айтсам, менин тандоом болду. Кызым кичинесинен эле бийге кызыкчу. Ошон үчүн жогорку окуу жайдагы балет бөлүмүнө тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган. Окуусу менен кошо “Акмарал” бийчилер тобуна катышып, бийлеп жүрдү. “Бийлеп эле жүрө бербей, ырда!” деп эле айтып келгем. “Танцы – это моя жизнь. Не буду петь, не хочу” деп болбой келген, болбогонуна карабай, кечээ сахнага алып чыктым. “Ты моя” аттуу ырды дуэт ырдадык. Элдин кабыл алуусу жакшы болду. Кызым мындан ары ырдап кетет деп ойлойм”,-дейт ырчы кубанып.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9742



Добавить комментарий