Санкт-Петербургда «Саякбай» тасмасы көрсөтүлдү

13 декабря 2017 13:14 545 Barometr
Поделиться в:
ok

Санкт-Петербургда 9-декабрда, режиссер Эрнест Абдыжапаровдун «Саякбай» тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу манасчы Рыспай Исаков билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага 160дан ашуун киши келген: кыргыз, татар диаспораларынын өкүлдөрү, атайын коноктор: Жогорку Кеӊештин депутаттары К.Иманалиев жана Садык Шер-Нияз. «Режиссер жана аткаруучу продюсер сахнага чыгып тасма тууралуу айтып, тааныштырды. Көбүнчө фильмди ким каржылаганы, тасманын эл аралык кинофестивалдарда алган сыйлыктары туурасында суроолор берилди»,-деди ал.

Тасмадагы Кыргызстандын кызыл түстүү жерлери, жандуу жаратылышы, актерлордун мыкты чеберчилиги залда отурган көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган эмес.

Белгилесек, аталган картина 3 эл аралык сыйлыкка татыган жана учурда дагы эл аралык кинофестивалдарда баш байге үчүн ат салышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content9737



Добавить комментарий