Кыргызстан Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты Өзбекстанга берди
Кыргызстан, Өзбекстанга Ысык-Көл областындагы 4 пансионат жайгашкан жер участогун убактылуу колдонууга берүү боюнча чечим кабыл алды. Тиешелүү жарлыкка өкмөт башчы Сапар Исаков кол койду. Өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришкендей, мындай чечим 1994-жылы 24-декабрдагы, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы түбөлүк достук тууралуу келишимдин негизинде кабыл алынды.
Документ туризмди өнүктүрүү жана түз инвестицияларды тартууга багытталган. Бул чечимге ылайык, Өзбекстандын Ысык-Көл областынын аймагында жайгашкан имараттарга болгон жеке менчик укугу белгиленип жатат:
- «Бостери» пансионаты (Бостери айылы, буга чейин «Алтын кум»);
- «Алтын-Жай» пансионаты (Кара-Ой айылы, мурунку «Рохат-НБУ»);
- «Энесай» пансионаты (Кара-Ой айылы, мурунку «Дилором»);
- «Бустон» пансионаты (Тоӊ районунун Күн-Чыгыш айыл аймагы).
Муну менен бирге аталган жер тилкелери Кыргыз Республикасынын менчигинде калат жана убактылуу колдонууга берилет. Ага улай өзбек тарап, аталган объекттерди Кыргызстанда колдонулган стандарттарга ылайык 3 же 4 жылдыздуу мейманкана деӊгээлине жеткирүү максаты менен, белгиленген мөөнөт ичинде каражаттарды инвестициялоо милдетин өзүнө алат.
Мындан тышкары, аталган документ Өзбекстандан келген туристтердин санынын өсүшүнө, эки элдин ортосундагы достук алакаларды бекемдөө жана жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content9732
Добавить комментарий ×