Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алды

12 декабря 2017 17:26 881 Barometr
Поделиться в:
ok

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алды.

Жолугушууда Назаркул Ишекеев Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу президент Сооронбай Жээнбековго маалымат берди.

Мамлекет башчысы жана Улуттук комиссиянын төрагасы Кыргызстанда жашаган бардык этностордун тилин сактоо жана өнүктүрүү менен катар мамлекеттик тил менен бирге расмий тилди жана чет тилдерди мыкты билген кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялоо маселесине токтолушту.

Мындан тышкары, бала бакчалар маселесине өзгөчө басым жасалды. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында 84 бала бакчанын ичинен 10у гана, Ош шаарында 41 бала бакчадан 5и гана кыргыз тилинде иш жүргүзөөрүн мисалга келтирди.

“Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы кыргыз тилин жайылтуу жана өркүндөтүү максатында кабыл алынган, ага тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилген. Кыргызстанда жалпы элди бириктире турган тил – бул кыргыз тили болушу керек. Кыргыз тилин элдин биримдиги жана ынтымагынын өзөгү катары кабыл алышыбыз зарыл. Ал үчүн кыргыз тилин жайылтуу, үйрөтүү боюнча маселелерди чечиш  керек”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Жолугушууда ошондой эле мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча Улуттук комиссиянын бардык министрликтерде жасаган мониторинги, иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү талкууланды.

Мамлекет башчысы Улуттук программаны ырааттуу ишке ашыруу, ага бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдалануу, кыргыз тилин жайылтууда, үйрөтүүдө маалыматтык технологияларды пайдалануу боюнча  бир катар тапшырмаларды берди. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9717



Добавить комментарий