Ош базарынын айланасынан интимдик кызмат көрсөткөн 12 кыз кармалды

12 декабря 2017 17:09 3590 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаардык мэриясынын Ленин райондук администрациясы жана укук коргоо, фискалдык органдары менен бирге, шаардык жана райондук кызматтарынын катышуусунда, бүгүн, 12-декабрда, Ош базарынын аймагында: Рыскулов, Бейшеналиева көчөлөрү, Чүй проспектиси жана Павлов көчөсүндө комплекстик рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.

Рейд жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузуулардын алдын алуу, мыйзамсыз сооданы жоюу жана кылмыштуулукка чара көрүү максатында өткөрүлдү.

Анын жүрүшүндө мейманканалар, сауналар жана соода түйүндөрдү текшерүү боюнча иштер жасалды. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан, административдик протоколдор түзүлдү.

Ленин району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы чарба жүргүзгөн субъекттерди текшерди.

Ленин райондук Ичи иштер башкармалыгы тарабынан, мейманкана тибиндеги 14 үй жана анда жашаган 75 тургун текшерилди.

Рейддин жүрүшүндө коммерциялык интим кызматын көрсөткөн 12 кыз кармалды. Алар териштирүү жүргүзүү үчүн Ички иштер башкармалыгына жөнөтүлдү.

Ошондой эле Пушкин көчөсүндө жайгашкан, көмүрдү мыйзамсыз саткан складдар текшерилди жана административдик жоопкерчилик боюнча протоколдор түзүлдү.

Белгилесек, мындай рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз уюштурулуп турат.

Ссылка: https://barometr.kg/content9716



Добавить комментарий