Бишкекте жубайлар урушуп кетип аялы күйөөсүн мууздап салды

12 декабря 2017 15:01 601 Barometr
Поделиться в:
ok

КРдын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан, оор кылмышка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББсинин басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылы 7-декабрда, Бишкекте Ленин райондук ИИБсинин күзөт бөлүмүнө, саат 16:50дө Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринде аялы менен күйөөсү чатакташып жатканы боюнча маалымат келген.

Окуя болгон жерге келген кызматкерлер текшерүү жүргүзгөндө, 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Ошондой эле ал жерге Ленин райондук Ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-иликтөө тобу барган. Иликтөөнүн жүрүшүндө окуя болгон күнү 35 жаштагы тургун менен анын 43 жаштагы күйөөсүнүн ортосунда уруш чыккан.

Иликтөөнүн версиясына ылайык, аял жолдошун бычак менен сайган. Анын кесепетинен жаран ошол жерден жан берген.

Окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин 97-беренеси боюнча («Адам өлтүрүү») кылмыш иши козголду.

Мындан тышкары, жабырлануучунун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза, криминалдык жана биологиялык экспертизалар дайындалды.

Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content9711



Добавить комментарий