«Градиент» май алмаштыруу пунктунда чыккан өрттүн себеби иликтенүүдө

12 декабря 2017 13:50 597 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 11-декбарда, Оштогу «Манас-Ата» кичи районунда И.Раззаков көчөсүндө жайгашкан «Градиент» май алмаштыруу пунктунда ири өрт чыккан.  

Күйгөн аянт 684 чарчы метрди түздү. Өрттү өчүрүүгө өрт өчүрүү кызматынын жети бөлүмчөсү тартылган.

Өрттүн кесепетинен корпустун алты бөлүмү, 200 литрлик пластикалык май куюучу челектер (саны такталып жатат), дөӊгөлөктөр, автотетиктер жана башкалар күйүп кеткен.

Учурда ӨКМнин кызматкерлери өрттүн эмнеден улам чыкканын жана материалдык зыяндын суммасын аныктап жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/content9707



Добавить комментарий