Сапар Исаков Кулматовду Бажы кызматынын жамаатына тааныштырды

12 декабря 2017 13:23 693 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 12-декабрда, Кубанычбек Кулматовду Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратынын жамаатына тааныштырды.

Өкмөт башчы Кулматовдун бажы органдарындагы кесипкөй тажрыйбасын белгилеп, анын жетекчилигинде бажылык жөнгө салуунун натыйжалуулугу жогоруларына ишеним көрсөттү.
«Бул кызматка Кубанычбек Кулматовдун дайындоонун негизги себептеринин бири – ал Бажы кызматынын жеке курамы үчүн бөлөк адам эмес. Ал жетекчи болуп турган кезинде жакшы жыйынтыктарды көрсөтө алды»,-деди Сапар Исаков.
Аягында премьер-министр Сапар Исаков Бажы кызматынын жаӊы жетекчисине ийгилик жана жемиштүү иш каалады.

Ссылка: https://barometr.kg/content9705



Добавить комментарий