Жакында өлкөдө “Kyrgyzstan” улуттук шоколады чыгарыла баштайт

12 декабря 2017 11:53 1235 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда жакында “Кыргызстан (Kyrgyzstan)” деген шоколад чыгарыла баштайт. Демек, жакында кыргызстандыктар улуттук таттуудан даам сыза алышат. Бул тууралуу “Кыргыз шоколады” компаниясынын интернеттеги баракчасында жазылган.

Эми өзүбүздө, чет жактан келген конокторго Кыргызстанда жасалган жана көркөмдүү улуттук стилде кооздолгон кагаздагы улуттук шоколадыбызды белекке берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Өндүрүүчүлөр билдиргендей, Kyrgyzstan шоколады белгиялык ингредиенттерден жасалат. Белгилесек, Бельгия – бул шоколад өндүрүү боюнча дүйнөдөгү эӊ ири өлкө болуп саналат. Өлкөдө бир жылда 170 миӊ тоннадан ашуун шоколад чыгарылат. Мамлекеттин калкы дээрлик 10 миллионго жакын адамды түзөт. Ошон үчүн өндүрүлгөн шоколаддын жана ингредиенттердин көпчүлүгү экспортко жиберилип турат. Белгиялык шоколаддардын курамында өсүмдүк майлары колдонулбайт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9700



Добавить комментарий