Сапар Исаков колдонуучуларды Атай Өмүрзаковдун бий тобуна колдоо көрсөтүп, добуш берүүгө чакырды

12 декабря 2017 11:25 1986 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков интернет колдонуучуларды Adem Dance & Atai Omurzakov бий  тобуна колдоо көрсөтүп, ага добуш берүүгө чакырды. Бул тууралуу өкмөт башчы Facebookтагы баракчасында жазган.

"Кымбаттуу достор, мекендештер, маданият менен искусствону сүйүүчүлөр, мен силерден, Asia`s Got Talent Азиянын масштабдуу сынагында ADEM DANCE & Atai Omurzakov тобунун мыкты таланттуу балдарына колдоо көрсөтүп коюушуӊарды суранар элем. Келгиле баарыбыз чогуу алардын жеӊиип кетишине жардам беребиз жана интернет-добуш берүүгө катышабыз https://g.co/kgs/t7bwSn. Мен силер мененмин, балдар!" – деп жазды премьер-министр.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандан барган Adem Dance бийчилер тобу Asia's Got Talent таланттар сынагында финалга өткөн. Ал эми сынакта жеӊүүчү болуу үчүн социалдык тармактарда жана интернет-добуш берүүдө көп добуш алуу шарт.

Ссылка: https://barometr.kg/content9697



Добавить комментарий