Мусулман аялдарга паспортко жоолукчан түшүүгө тыюу салынды

12 декабря 2017 10:53 963 Barometr
Поделиться в:
ok

Украинанын Мамлекеттик миграциялык кызматы документтер үчүн, кайсы болбосун баш кийимчен, анын ичинде хиджап менен сүрөткө түшүүгө тыюу салды. Бул тууралуу аталган кызматтын спикери Сергей Гунько билдирди.

"Мамлекеттик стандарт боюнча, баш кийимдин бардык түрү менен сүрөткө түшүүгө тыюу салынат. Кайсы болбосун башка кийилген кийимге уруксат берилбейт»,-деди ал.

Киевдеги Крым Автономдуу Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Айдер Рустемовдун айтымында, паспортту даярдоодо хиджап менен түшкөн сүрөттөн баш тартылса мусулман аялдар дин башкармалыгынын юристине кайрылышса болот.

Крымдан келип отурукташкан, Винницк областында жашагандар, Украинанын жарандарынын ички жана тышкы паспорт алууда хиджап менен сүрөткө түшүүгө тыюу салууларды жоюу үчүн күрөшүүнү улантарын билдиришти.

Ссылка: https://barometr.kg/content9695



Добавить комментарий