Россиялык супермаркеттердин оператору Кыргызстандын продукцияларын сатып алууга кызыкдар

12 декабря 2017 10:32 511 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз-орус алтынчы аймактар аралык жыйындын алкагында ушул жылы 15-декабрда Бишкекке, X5 Retail Group россиялык компаниянын делегациясы, «Пятёрочка», «Карусель», «Перекресток» супермаркеттер түйүндөрүнүн оператору, (Росиия, КМШдагы 11 000 дүкөн) келет. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, аталган ишкананын өкүлдөрү атамекендик өндүрүүчүлөр менен кызматташууга кызыкдар.

"Компания узун мөөнөттүү келишимдерди түзүү үчүн, Кыргызстандын ишканаларынын продукциялардын сыналуучу партиясын сатып алууга даяр", - деп айтылат билдирүүдө.

Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефон номерлерге кайрылса болот: 62 05 35 (кошумча номерлер 155, 131, 247, 185). Сиздин продукцияӊыз тууралуу маалыматты, прайс-баракчаларды төмөнкү дарекке жөнөтүүгө болот: nazar3622@mail.ru

Ссылка: https://barometr.kg/content9694



Добавить комментарий