Атактуу ырчы Рианна Сауд Арабиясындагы эӊ бай адамга турмушка чыгабы?

12 декабря 2017 10:05 1301 Barometr
Поделиться в:
ok

Америкалык ырчы Рианна Сауд Арабиясынан болгон миллиардер Хассан Жамилге турмушка чыгаары белгилүү болду. Бул тууралуу батыштык басылмалар жазды. Рианнанын сүйүктүүсү Сауд Арабиядагы эӊ бай адамдардын катарын толуктайт. Хассан Saudi Toyota компаниясынын президентинин орун басары кызматын ээлейт. Forbesтин маалыматы боюнча, Хассандын үй-бүлөсүнүн байлыгы 1,5 млрд долларды түзөт.

Атактуу ырчынын турмушка чыгары жөнүндөгү кептер, Рианна Инстаграммга колундагы нике шакектин сүрөтүн жарыялаганда пайда болгон. Ошондой эле айрым басылмалар Нью-Йорктогу шоу учурунда Рианнанын колундагы бриллиант шакекти сүрөткө тартып алууга жетишкен. Балким, мусулман-миллиардердин жубайы деген статуска ээ болгондон кийин, ырчы ачык образдагы кийимдеринен баш тарып, хиджап киет чыгар.

Ссылка: https://barometr.kg/content9691



Добавить комментарий