«Альянс-Алтын» компаниясы Таластагы балдар үйлөрүнө көмүр жеткирди

12 декабря 2017 09:42 588 Barometr
Поделиться в:
ok

"Альянс Алтын" алтын кен иштетүүчү компаниясы Талас областындагы социалдык мекемелерге көмүр таратты. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына аталган ишкананын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Жаныкулов билдирди.

Компания, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөргө, ошондой эле, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашаган социалдык мекемелерге 15 тонна көмүр жеткирди:

  • «Теӊир Колдо» коомдук бирикмесине 17 100 сом суммасында 3 тонна көмүр берилди.
  • Талас районунда 10 үй-бүлөгө 14 250 сом суммасында 2,5 тонна көмүр берилди.
  • «Бекнур» коомдук бирикмесине 2850 сом суммасында 500 кг көмүр жеткирилди.
  • Бакай-Ата районунда 6 үй-бүлөгө 17 100 сом суммасында 3 тонна көмүр берилди.
  • Кара-Буура районунда 6 үй-бүлөгө 17 100 сом суммасында 3 тонна көмүр жеткирилди.
  • Манас районунда 6 үй-бүлөгө 17 100 сом суммасында 3 тонна көмүр берилди.

Каражат "Бакубат Талас" фонду аркылуу которулган.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда колдонуучулар Таластагы балдар үйүнө көмүр алып берүүгө акча чогултуу демилгесин көтөргөн. Тактасак, интернет колдонуучу Айгерим Тургунова өзүнүн баракчасында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга көмүр сатып берүү үчүн 100 сомдон топтоого чакырган.

"Жакында эле, майрам алдында балдар үйлөрүнө, жатак мектептерге таттуулар, белектерди берүү канчалык жакшы экени айтылган. Тема абдан эле оор. Аны талкууга алсаӊ нервиӊди эле кетиресиӊ. Эми башкы нерсеге келсек, тез арада көмүр керек. Таластагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар борборуна көмүр керек (Эрмек эже). Бетондук дубалдардын ичиндеги балдар сууктан тоӊуп отурушат. Көмүрдүн тоннасы 5 миӊ сом. Ушу жерде отургандардын баары 100 сомдон чогулта койсок бир топ акча топтолот!",-деп жазган ал.

Ссылка: https://barometr.kg/content9689



Добавить комментарий