Германиянын полициясы Акаевге жумуртка ыргыткан жаранды кое берди

11 декабря 2017 19:18 2322 Barometr
Поделиться в:
ok

Германиянын полиция кызматкерлери Бермет Акаева жана Аскар Акаевге жумуртка ыргыткан жаран менен сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда, Barometr.kg  сайтына КРдын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) кызматкери Айымкан Кулукеева билдирди.

ТИМдин маалыматына ылайык, полиция Берлинде болгон окуянын катышуучуларын көпкө кармаган жок.

"9-декабрда Б.Кобегеновдун башчылыгында «KyrgyzClub-Germany» коомдук бирикмеси, Аскар Акаевдин Берлинде жашаган Кыргызстандын жарандары менен жолугушуусун уюштурууну пландаган. Бирок Берлиндеги Россия илим жана маданият үйүнүн администрациясы, ошондой эле Кобегенов кайрылган эки мейманкана жай берүүдөн баш тартууну чечишкен. Натыйжада пландалган жолугушуу өтпөй калса дагы Акаевдин аз сандагы мекендештер менен жолугушуусуна мүмкүндүк түзүлгөн. Жолугушуунун жүрүшүндө айрымдар Акаевге карата сындарды айтып баштаган. Ошол жердеги бирөө Аскар Акаевге жумуртка ыргытып, ал Бермет Акаева менен кызыл чеке урушка алып келген. Окуядан кийин полиция кызматкерлери чогулган элден тарап кетүүсүн жана ал жерди бошотуусун талап кылган. Полициянын талабы боюнча, келгендердин бардыгы тарап кетишкен", - деп билдирди Кулукеева.

Эске салсак, буга чейин, 9-декабрда, соцтармактарда Германияда Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаевдин кыргызстандык жарандар менен жолугушуусу тартылган видео жазуу жарыяланган болчу.

Видеодо көрүнгөндөй, Акаев жубайы  Майрам жана кызы Бермет болуп сыртта күтүп турган мекендештер менен жолугушкан.

Экс-президент, кыргызстандыктар менен жолугушууну болтурбай коюшканын, бирок ага карабастан ал өзүнүн каалолорун айта турганын билдирген. Бирок келгендердин бири Акаевден кыргызча сүйлөөнү талап кылып сөзүн бөлгөн.

Акаев ал нааразы болгон жаранды аны башкарбоого чакырып, аларга Кыргызстанда эмес, Германияда жүргөнүн эске салган.

"Кыргызстанда да позитивдүү өзгөрүүлөр болуп өттү. Бийлик тынчтык жолу менен алмашканына кубанычтамын. Баарыӊыздарга жетишкендик жана амандык каалайм", - деди мурунку мамлекет башчы.

Акаев жолугушууга келгендердин суроолоруна жооп берген эмес. Катышуучулардын бири «бул сыйлабастык» деп кыйкырган.

"Ал коррупционер, качкын!" деп нааразы болгон жаранга Бермет Акаева Кыргызстандын бийлигинде жалаӊ коррупцияционерлер отурат деп жооп берди.

Андан кийин Акаев эл менен коштошуп кетип баратканда, келгендердин бири ал тарапка эки жумуртка ыргыткан.

Бермет Акаева ал адамды көздөй жулунуп, сумкасы менен чапканга жетишкен. Полиция ошол замат тургунду кармаган.

Ссылка: https://barometr.kg/content9673



Добавить комментарий