Сокулуктан белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылды
Сокулук айылындагы Бишкек - Чалдовар автожолунда 2-декабрда, болжол менен саат кечки сегиздерде белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй областынын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Белгилери: бою 107-175 см, азиат түспөлүндөгү, болжол менен 40-45 жаштарда, чачы кара ак аралаш.
Кийими: кара түстөгү куртка жана свитер, ак көйнөк, кара жинсы шым, кара түстөгү ботинка, башында кара топу. Маркумдун жанында эки дөӊгөлөктүү велосипед болгон.
Милиция жаранды таанып-билгендер болсо Сокулук райондук ИИБсине кабарлоону өтүнөт: Чүй областык ИИББсинин күзөт бөлүмү: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Сокулук райондук ИИБсинин күзөт бөлүмү: (0312) 60-75-67, 0704 01 23 76, 0707 43 41 70 (издөө тобу).
Ссылка: https://barometr.kg/content9671
Добавить комментарий ×