Путин Сириядан россиялык аскер базасын чыгарып баштоону тапшырды

11 декабря 2017 16:52 683 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Владимир Путин, сириялык Хмеймим аймагындагы россиялык базага келип, россиялык аскер топторун Сириядан чыгарууну буйрук кылды.

"Коргонуу министрине, Башкы штабдын жетекчисине, россиялык аскер топторду алардын дайымкы дислокация пунктуна чыгарууну тапшырам",-деп билдирди Путин.

Анын айтымында, россиялык аскерлер өзүнүн жакындарына жеӊиш менен кайтып баратат. «Мекен силерди күтүп жатат, достор. Ак жол. Кызматыӊар үчүн силерге ыраазычылык билдирем»,-деди лидер.

Президент, «эгер террорчулар кайрадан баш көтөрсө, анда биз аларга болуп көрбөгөндөй сокку урабыз» деп кошумчалады.

Хмеймимеде мамлекет башчыны Сириянын президенти Башар Асад, коргонуу министри Сергей Шойгу жана Сириядагы россиялык базанын командири Сергей Суровикин тосуп алышты.

Ссылка: https://barometr.kg/content9669



Добавить комментарий