Муфтий: «Кудай алдында Чубак ажынын күнөөсү жок»

11 декабря 2017 16:14 1646 Barometr
Поделиться в:
ok

Жараткан Кудай алдында Чубак ажы Жалиловдун күнөөсү жок. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда, Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев билдирди.

Анын айтымында, ыйык китепте белгилүү шарттар менен бир нече үй-бүлө курууга уруксат берилген. Буга байланыштуу ал, социалдык тармактарга чындыкка коошпогон маалыматтарды жарыялабоого чакырды.

"Бардыгы өз ордуна коюлат, ал үчүн убакыт керек. Балким силер, туура эмес айтылган сөзүӊөргө өкүнөрсүӊөр. Бул үчүн Акырет күнү жооп берериӊерди эстен чыгарбагыла", - деп билдирди Максатбек ажы Токтомушев.

Муфтий ошондой эле, мусулмандарды бири-бирине жардам берүүгө чакырды.

Ссылка: https://barometr.kg/content9667



Добавить комментарий