Дарыгер-хирургдун интернеттеги посту 200 жактыруудан ашса дагы ал иштен кетпей турганын айтты

11 декабря 2017 16:00 958 Barometr
Поделиться в:
ok

Улуттук бейтапкананын хирургу Эльзар клиникадан кетпей турган болду. Бул тууралуу ал өзүнүн баракчасына жазган.

Эске салсак, буга чейин Эльзар өзүнүн баракчасына эгер анын посту интернет колдонуучунун 200 жактыруусуна жетсе иштен кете турганын жазган.

"Эгер бул билдирүүм 200 жактыруудан ашса, анда мен ооруканадан кетемин! Кыжырым кайнап жатат! Биздин мамлекет элдин саламаттыгын «бекер» камсыздоону талап кылган айлыкка жашооого мүмкүн эмес. Эмнеге мен мындайга барып жатам? Айлык акы аябай эле төмөн, аябай. Бул менин кесипкөйлүгүм менен байланыштуу эмес! Ишенип койгула, мен жаман деле дарыгер эмесмин! Мунун жамаат менен дагы байланышы жок. Кесиптештерим жана жетекчилик менен жакшы алакадамын! Өзүӊдү кыйноонун, убара болуунун кереги жокко дейм. Андан көрө өзүмө башка эле, ийгиликтүү жолду издейм", - деп нааразы болду ал.

Хирург, 5000 сом айлыкты, калкты дарылаган адамдын маянасы деп атаганга татыбайт деп кошумчалаган.

"Мамлекет бизди, дарыгерлерди баалабайт. Ага биздин айлыгыбыз ачык далил", - деп жазды дарыгер. 

Анын мындай билдирүүсү соцтармактарда резонансты жараткан. Интернет колдонуучулар дарыгерлердин маянасынын төмөндүгүн катуу талкуулашкан.

 

Кийинчерээк Эльзар социалдык түйүндөгү баракчасына колдонуучуларга видео кайрылуу жарыялаган. Анда ал иштен кетпегенин билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/content9665



Добавить комментарий