Сапар Исаков Бажы кызматынын жаӊы жетекчисине кызматтын натыйжалуулугун арттырууну милдеттендирди

11 декабря 2017 15:21 558 Barometr
Поделиться в:
ok

Кубанычбек Кулматов КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өкмөт башчы Сапар Исаков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Премьер-министр Бажы кызматынын жаӊы жетекчилигинин алдына, аталган кызматтын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана бажылык жөнгө салуу жаатындагы абалдарды жакшыртууга багытталган бир катар конкреттүү милдеттер коюлганын баса белгиледи.

Сапар Исаков Кубанычбек Кулматовдун чоӊ кесипкөйлүгү менен тажрыйбасын белгилеп, анын жетекчилигинде өлкөдөгү 2010-2013-жылдары бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 2,5 эседен көп жогорулаган деп эске салды.

Ссылка: https://barometr.kg/content9663



Добавить комментарий