Салима Балтаева: Москвада ооруп калдым

11 декабря 2017 12:56 2050 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Салима Балтаева Москвадан кечээ эле келди. Ал боюнча ырчы barometr.kgге буларды айтты: “Москвага мен чыгармачылык боюнча эмес, жээнтек тойго барып келдим. Бирөөлөрдүн чакыруусу менен эмес, бир туугандарымдын тоюна бардым. Биз он бир тууганбыз. Үчүнчү агам 50 жашында каза болуп калган, эки жыл болуп баратат. Артында бир кыз, бир баласы калган. Алар Москвада, ошол жакта иштеп, жашап жатышат. Ошол жактын граждандуулугун алышкан. Бул эми убактылуу, акыры өз мекенине келишет го. Ташмамат агамдын уулу Адилет балалуу, кызы Сабира кыздуу болгон. Экөө биригип, чогуу жээнтек той беришти. Атанын орду опол тоо да, атасын жоктотпой балдарынын тоюна бир туугандар барып келдик. Ооруганыма карабай барып келдим. Ал жакка барып, укол алып, төшөккө жатып калдым. Той күнү башымды көтөрүп, ырдап бердим. Тойдо чынын айтсам аябай кыйналып жүрдүм. Кечээ эле келдим, келип эле жумушка чыктым. Иш толуп кетиптир. Мен Филармонияда иштейм, билесиңер да”,-деп күлөт ырчы.

Ссылка: https://barometr.kg/content9649



Добавить комментарий