Аткезчилик жүктү Өзбекстанга ташууга аракеттенген кыргызстандыктар кармалды

11 декабря 2017 12:35 381 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, Баткен областынын Пылдырак кыштагында чек арачылар аткезчилик жүктү Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын үч жаранын кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Баткен областына караштуу Кадамжай районунун Доочар айылынын тургундары “ Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаа менен, 160 даана электр эсептегичти мыйзамсыз жол аркылуу ташууга аракеттенген.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, жүктүн жалпы наркы 300 000 сомду түздү.

Кармалган жарандар, мамлекеттик чек ара тартибин бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылды жана ар бирине 3000 сомдон айыппул тагылды.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, мыйзам бузуучулар жана аткезчилик жүк Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине жөнөтүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/content9648



Добавить комментарий