Бишкекте "Мерседес-500" унаасы күйүп, салондогулар сыртка чыгууга үлгүрүштү

11 декабря 2017 12:19 824 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте «Мерседес S-500» үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп кетти. Окуя кечээ, 10-декабрда, Шабдан баатыр-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Бул тууралуу КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиршкен. Курман болгондор жана жабыркагандар жок. Өрт электр жабдыктарын колдонууда техникалык эрежелердин сактабагандыктан улам келип чыккан.

Соцтармактарда бул окуяны сүрөттөгөн күбөлөрдүн айтымында, автоунаа жаратылыш газын колдончу. Өрт учурунда салондогу 3 адам эптеп сыртка чыгууга жетишип калган.

Ссылка: https://barometr.kg/content9646



Добавить комментарий