Сириядагы согушка катыштыруу үчүн кыргызстандыктарды жөнөтүүгө шектүү адам кармалды

11 декабря 2017 11:31 481 Barometr
Поделиться в:
ok

Сириядан келген жана кыргызстандыктарды ал жактагы согуштук аракеттерге катыштыруу үчүн жөнөтүүгө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында эл аралык террордук уюмдун согушкери, 1989-жылы туулган Кыргызстандын Н.Х. аттуу жараны колго түшүрүлдү.

Аныкталгандай, ал 2016-жылдын ноябрынан 2017-жылдын сентябрында эл аралык террорчу уюмдун (ЭТУ) катарында болуп, ал жактан шектүү диверсиондук-террордук даярдыктан өтүп, Сирия өкмөтүнүн аскерлерине каршы согуш аракеттерине катышып жүргөн.

ЭТУнун башчыларынын көрсөтмөсү боюнча, Н.Х. террордук ишмердүүлүк жүргүзүү жана Кыргызстандан согушкерлерди Сирияга жөнөтүүнүн жаӊы каналдарын калыптандыруу максаты менен өлкөгө кайтып келген.

Азыркы тапта КРдын УКМКнын иликтөө кызматкерлери Кылмыш кодексинин (КР жаранынын чет өлкөнүн аймагында согуштук аракеттерге же келишпестиктерге катышуусу) 226-4-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Шектүү учурда УКМКнын тергөө абагына киргизилип, иликтөө уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content9639



Добавить комментарий