Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Өзбекстанга барууну пландап жатат

11 декабря 2017 11:06 581 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Эрлан Абдылдаев катышкан Европа коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлер кеӊешинин жыйынына катышуусунун жыйынтыктары, ошондой эле Сербияга болгон расмий сапары тууралуу отчет берди.

Мындан тышкары министр мамлекет башчыга президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстан Республикасына ушул жылдын 13-14-декабрында  жасачу расмий иш сапарына даярдыктын жүрүшү боюнча маалымат берди.

Өлкө башчысы тышкы иштер министрине алдыдагы тышкы саясий иш-чараларга дыкаттык менен даярдыктарды көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Ссылка: https://barometr.kg/content9635



Добавить комментарий