Жапайы камандар мектепке чейин кирип, элди дүбөлөӊгө салды

11 декабря 2017 10:46 919 Barometr
Поделиться в:
ok

Япониянын Хигасияме шаарында эки жапайы каман мектептердин бирине кирип кетип, ызы-чуу, башаламандыкка себеп болгон. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип Сегодня басылмасы жазды.

Видеодон камандардын мектептин коридору жана тепкичтери аркылуу чуркап баратканын көрүүгө болот. Андан кийин жапайы жаныбарлар айнек терезелерди сындырышкан. Камандардын бири ал турсун көлмөгө кирип сүзүп алганга жетишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/content9634



Добавить комментарий