Айсулуу Тыныбекова Украинада эл аралык сыйлыкка татыды

11 декабря 2017 09:48 823 Barometr
Поделиться в:
ok

Эркин жана аялдар күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, Кыргызстандын балбаны Айсулуу Тыныбекова дене тарбия жана спорттун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн «Алтын мангуст» эл аралык сыйлыгынын орденине татыды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясы кабарлады.

"Биздин сулуу Айсулуу Тыныбекова эл аралык «Алтын мангуст» сыйлыгынын орденине татыды. Сыйлык тапшыруу аземи Украинанын Одесса шаарында болду. Айсулууну чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз!»,- деп аталган федерация соцтармактагы расмий баракчасында билдирген.

 

Белгилесек, спорт тармагына кошкон салымы жана жетишкендиктери үчүн лауреаттарга IX Эл аралык сыйлыкты тапшыруу салтанаты Одессада 9-декабрда өткөрүлдү.

Айсулуу Тыныбековага «Жылдын спортчусу» номинациясында «Жылдын адамы» сыйлыгы ыйгарылды.

Ссылка: https://barometr.kg/content9626



Добавить комментарий