Бишкектин айрым райондоруна 5 күн катары менен газ берилбейт

11 декабря 2017 09:12 668 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектин айрым райондору менен Чүй областында убактылуу жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынан билдиришти.

Ишкананын маалыматына ылайык, оӊдоо иштерине байланыштуу, төмөнкү райондорго газ берүү токтотулат:

11 жана 12-декабрда:

Сокулук айылы, Мичурин, 8-Март, Ленинград көчөлөрү.

11-15-декабрь күндөрү:

"Ала-Тоо" жаӊы конушу Новопавловка айылы.

Бишкекте 11нен 15-декабрга дейре:

Чүй проспектиси менен чектелген райондор, Ибраимов, Москва, К.Акиев көчөлөрү;

Жибек-Жолу проспектиси, Сүйүнбаев, Түгөлба   Ата, Шопоков көчөлөрү.

12-13-декабрь күндөрү:

Ленин айылы, Восточная, Виноградная, Алма-Ата, Интернациональная, Заречная, Набережная көчөлөрү, Түндүк тар көчөсү.

12-13-декабрда:

Кант, Ленинград көчөсү.

13-14-декбарь күндөрү:

Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 9/1, блоктор 1, 2.

Белгиленгендей, оӊдоо жумуштары керектөөчүлөргө газды үзгүлтүксүз камсыздоо максатында жүргүзүлүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content9624



Добавить комментарий