Курама команданын мурунку оюнчусунун аялы эки баласын теӊ өлтүрүп тынды

9 декабря 2017 16:45 1029 Barometr
Поделиться в:
ok

Италиянын регби боюнча курама командасынын мурунку оюнчусу Андреа Бенаттинин аялы Антонелла Барбьери, балдарын өлтүргөндөн кийин өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу La Gazzetta Dello Sport кабарлады.

Аял Мантуя провинциясындагы өзүнүн үйүндө, күйөөсү ишке кеткенде, жаздык менен эки жаштагы кызын муунтуп, кийин беш жаштагы уулун мууздап салган. Андан соӊ ал унаага отуруп жанын кыюуну ойлогон. Аялды мал кайтарган киши көрүп калып, дароо окуя тууралуу полицияга маалымдаган.

Учурда Барбьери ооруканада жатат. Буга чейин анын психикалык дартка чалдыкканы билдирилген.

Белгилесек, оюнчу Бенатти Италия курама командасында 2001-2005-жылдары ойногон. 2011-жылы ал кесиптик карьерасын бүтүргөн.

Ссылка: https://barometr.kg/content9617



Добавить комментарий