Чубак ажынын тарапташтары укук коргоочу Азиза Абдирасулованы коркутуп жатышат

9 декабря 2017 11:34 1208 Barometr
Поделиться в:
ok

Укук коргоочу Азиза Абдирасуловага белгисиз адамдар телефон чалып коркутуп жатышат. Бул тууралуу соцтармактарда «Демократия үчүн коалиция» коомдук бирикмесинин башчысы Динара Ошуракунова билдирди.

"Азиза эжеге белгисиз номерлерден чалып коркутуп жатышат. Уюлдук операторлор менен байланышып ал номерлерди табуу кыйын деле эмес деп ойлойм. Бул ишти милиция менен чогуу жасаса болот. Анын үстүндө азыр номерлердин баары каттоодон өтөт эмеспи", - деп кооптонду Ошуракунова.

Укук коргоочу өзү тактагандай, ага чалып коркуткан адамдар көзөмөлдө болот.

"Мен, Чубак ажынын жубайы «Сезим» кризистик борборуна кат жазганбы билбеймин", - деди Абдирасулова.

Эске салсак, кечээ, 8-декабрда, социалдык тармактарда мурунку муфтий Чубак ажы Жалиловдун расмий никедеги аялынын «Сезим» борборуна даректелген каты жарыяланган.

Буга чейин укук коргоочу Абдирасулова прокуратурага, Чубак ажыны эки аял алгандыгы үчүн жоопко тартуу арызы менен кайрылган.

Тараптарлар, расмий никедеги жубайын Чубак ажыга каршы жазууга кимдир-бирөө көндүрүшү мүмкүн деп болжоодо.

Эске салсак, 28-ноябрда, социалдык тармактарда видео жазуу жарыяланган. Анда Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалилов экинчи ирет үйлөнгөнүн, бирок ошол эле учурда биринчи никедеги жубайы менен ажырашпаганын билдирген болчу.

Чубак ажы, Кыргызстанда башка мусулмандарды дагы, эгер мүмкүнчүлүк болсо, жашоодон кысталган аялдарга үйлөнүүгө чакырган.

"Ооба мен жакында эле экинчи жолу үйлөндүм. Менин эки аялым бар. Жолдошу каза болуп калган жесир аялга үйлөндүм, ал Түркияда бала багуучу болуп иштеген. Шариятка ылайык, эркектер экинчи же үчүнчү аялы кылып жашоодон запкы көргөн, кыйналган же жесир аялдарга үйлөнөт. Бизде азыр кыргыз аялдары акча табам деп мажбур түрдө чет жактарга иштегени кетип жатышат. Биз кыргыз эркектери аларга жардам беришибиз керек, намыстанышыбыз керек. Ошон үчүн мен экинчи аял алдым. Эч кимден жашырган жерим жок, ата-энем, жубайым баарын билишет. Шарияттын бардык мыйзамдарына ылайык үйлөндүм. Албетте менин биринчи аялым капа болду буга, анын кызганууга, капа болгонго укугу бар. Мен мусулмандарды жашырынып эмес, үйлөнгөнүӊөрдү ачык айтып жашагыла деп чакырып кетет элем»,-деп билдирди Чубак ажы Жалилов.

Соцтармактарда бул видео талкууга алынды.

Чубак ажы Жалиловдун билдирүүсү адамдардын нааразылыгын туудурган. Укук коргоочулар Чубак ажыга карата прокуратурага арыз беришти.

Эске салсак, Кыргызстандын Конституциясына ылайык, жарандык мамлекет, көп аял алууга, Негизги мыйзам боюнча, тыюу салынат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9611



Добавить комментарий